Депутаттар Максим Бакиевге карата АКШ кылмыш ишин токтоткондугуна нааразы

  13.05.13   11:35
 332

АКШ Максим Бакиевге карта кылмыш ишин токтоткондугун, анын күнөөсүнө карата далилдердин жетишиздиги менен түшүндүрүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдириди.

"Биз анын сепетерин түшүндүрүп берүүнү сурандык. АКШ Максим Бакиевге карта кылмыш ишинин токтотулушун, анын күнөөсүү экендигине карата далилдердин жетишиздиги менен түшүндүрүштү", - деди ал.

"Ар-Намыс" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев бул иш боюнча АКШнын келтирип жаткан далилдери ынанарлык экен экендигин айтты.

"Баш мыйзамдын эң негизги принциби – жаза тоскоолуксуз аткарылышы керек. Максим Баиевдин күнөөсү толугу менен далилденген жана ал Кыргызстан үчүн кылмышкер адам. Учурда ТИМдин алдында Максим Баиевди экстрадициялоо боюнча чоң милдет турат жана ал аткарылышы керек", - деп кошумчалады депутат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223859

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.