Коммерциялык банктар Улуттук банктан 132 млн сом насыя алышты

  13.05.13   11:48
 305

2012-жылдын декабрынан бери Улуттук банк беш кредиттик аукцион өткөргөн жана коммерциялык банктарга жалпы 132 млн сом берген. Улуттук банктан түшүндүрүшкөндөй, кредиттик аукцион өткөрүүнүн максаты - республиканын коммерциялык банктарына экономиканы насыялоо боюнча ресурстарды сунуштоо, рефинансыялоо жана улуттук валюта боюнча ликвидди алты айдан ашык эмес мөөнөт менен кармап туруу.

Улуттук банктан кабарлашкандай, биринчи насыя аукциону өткөн жылдын 17-декабрында өткөн. Ага бир эле банк катышкандыктан аукцион болбой калган. 28-январда жана 11-февралда белгиленген аукциондор дагы ушул эле себеп менен өтпөй калган.

Буга байланыштуу комитет 18-мартта белгиленген аукциондун параметрлерин өзгөрттү. Насыя берүү мөөнөтү үч айдан алты айга чейин узартылды

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223862

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.