АКШ: Максим Бакиевдин ишин кароо улантылышы мүмкүн

  13.05.13   12:02
 332

Экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди АКШ тарабынан кылмышка айыптоо токтотулганы менен бул мындан аркы иликтөө болушу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда, АКШнын элчилигинин басмасөз атташеси Сюзанна Вуд маалымдады.

Эскерте кетсек, Кошмо Штаттар Улуу Британияга жолдогон Максим Бакиевди экстрадициялоо тууралуу өтүнүчүн кайтарып алган.

Вуд АКШнын юстиция министрлиги өткөн жылы Максим Бакиевге карата "АКШнын мыйзамын бузду",- деп кылмыш ишин козгогонун белгилейт. АКШ Бакиевге карата баалуу кагаздарга байланыштуу алдамчылык кылуу максатында сүйлөшүү жүргүздү жана сот ишине тоскоол болду деген айыптоолор боюнча күнөө тагып жаткан.

Вуд эгерде Бакиев күнөөлүү деп табылса аны узак убакыт эркинен ажыратуу күтүп турганын кошумчалайт.

Ошол эле маалда Кыргызстандагы АКШнын элчилиги кылмыш ишинин өзү тууралуу кеңири токтолуудан, мындан тышкары иши каралып жаткан америкалык атуулдар менен америкалык компанияларды атоодон баш тартты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223863

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.