ФБР Жаңы Орлеандагы атышууну көчө кылмыштуулугу менен байланыштырууда

  13.05.13   12:02
 272

ФБР өкүлдөрү Жаңы Орлеанда парад учурунда бологон атышууну терроризм эмес көчө кылмыштуулу деп баалоодо. Бул тууралуу 12-майда CBS News маалымдады.

Такталган маалыматтарга ылайык, ок атуунун кесепетинен 19 адам жабыркаган, анын арасында 10 жашар бала дагы бар. Ал эми буга чейин жабырлангандардын саны 17 деп айтылып келген.

The Wall Street Journal сайты билдиргендей, полиция шектүү делгендердин бири тууралуу коомчулукка билдирүү жасаган. Ал ак футболка жана көк джинсы кыска шым кийген 18-22 жаштагы афроамериканец экендиги аныкталган.

Полициянын маалыматына ылайык, ок 3 тараптан чыккан жана күзөттөгү тартип сакчылары окуя болгон жерден 3 адамдын качып кеткендигин көрүшкөн.

Ок атуулар 12-майда Жаңы Орлеанда Энелер күнүн майрамдап жаткан уяурда болгон

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223864

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.