"Бишкек" ЭЭАнын башчысы HAN PLAST-FEZ ЖЧКсы жөнүндө түшүндүрмө берди

  13.05.13   12:41
 256

"Жагдайды аныкташ үчүн бизге убакыт керек болду",- деп түшүндүрдү "ВБ"нын HAN PLAST-FEZ жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) талаптары ал кызматка дайындалгандан кийин жарым жылдан соң гана айтылганы жөнүндө суроосуна жооп кылып "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) башкы директору Орозбек Нусувалиев

Эскерте кетсек, ЖЧКнын ээлери башкы дирекция жана Нусувалиевдин өзү менен HAN PLAST-FEZ ага жаңы алган Toyota Land Cruiser жолтандабасын берүүдөн баш тартышкандан кийин маселе келип чыкканын ачык эле билдиришкен.

Белгилей кетсек, Нусувалиев "Бишкек" ЭЭАнын башкы директорлук кызматына 2012-жылдын сентябрында дайындалган. ЖЧКнын ага карата дооматы ушул жылдын февраль айында айтылган.

Нусувалиевдин өзү да бул фактыны четке каккан жок. "Биз түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Кандайдыр бир бүтүм чыгарыш үчүн мен жагдайга өзүм тереңдеп киришим керек болду. Бизге белгилүү болгондой КМШнын аймагында эркин экономикалык аймактар үчүн адистерди даярдашпайт. Биз баарын карап, изилдеп чыгууга туура келет. Бул үчүн убакыт керек болот экен",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223867

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.