ЕРӨБ Кыргызстандагы экономикалык өсүштү 6,5 пайыздык чекте белгилеп жатат

  13.05.13   13:27
 317

Европа реконструкция жана өнүгүү банкы (ЕРӨБ) 2013-жылга чейинки экономикалык өсүштү 6,5 пайыз деп алдын ала белгиледи, бирок 2014-жылы өсүү темпи 5 пайызга чейин азаят. Бул тууралуу ЕРӨБдүн май айындагы аймактын экономикалык перспективалары тууралуу жарыяланган баяндамасында айтылат.

6,5 пайыздык өсүш экономиканын туруксуз мезгилден кийинки калыбына келиши менен жетишилмекчи. Үстүбүздөгү жылы экономикалык көрсөткүчтөрдүн көбөйүшү өткөн жылы Кумтөр кениндеги иштин үзгүлтүккө учурашынан улам алардын ылдыйлашы менен да байланыштуу.

Банктын эксперттеринин маалыматына таянсак, инфляция өткөн жылдын августундагы 2 пайыздык көрсөткүчтөн быйылкы жылдын март айында 7,9 пайыздык көрсөткүчкө чейин өскөн. Жылдын соңунда Кыргызстанда инфляция өткөн жылдагы 2,8 пайыздын ордуна 7,4 пайыз болот деп болжолдонууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223870

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.