Нурсулу Ахметова президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болду

  13.05.13   13:47
 348

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басарлыгына президенттик аппараттын каржы-экономикалык анализ жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметованы дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Эскерте кетсек, 2012-жылы 4-майда Ахметова КРдин президентинин каржы-экономикалык анализ жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223872

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.