Максим Бакиевге каршы кылмыш ишинин жабылышын ТЖБ менен байланыштырышты

  13.05.13   13:49
 348

"Манас" аэропортундагы Американын аскер базасы калат, ошондуктан экс-президенттин уулу Максим Бакиевге каршы кылмыш ишин кароону токтотушту. Мындай пикирин бүгүн, 13-майда, саясат таануучу Марс Сариев билдирди.

Анын айтымында, келишимди бузуу тууралуу документ америкалык тарапка эмдигиче бериле элек.

"13-июнга чейин дагы убакыт бар, ошондуктан Абдылдаевдин билдирүүсү мезгилинен эрте айтылды жана маневр жасоого убакыт бар. Ошол эле маалда Транзиттик жүк ташуу борборунун (ТЖБ) тагдыры жөнүндө чечимди Кыргызстан эмес, Москва жана Вашингтон кабыл алат",- деп эсептейт эксперт.

"Кыргызстан базаны чыгаруу боюнча чечимге бекем турууда, бирок Россия менен АКШ башка чечим кабылдады. Бакиевге каршы иштин жабылышы эки мамлекеттин мамилесин начарлата турган көрсөтмөлүү кадам жана бул транзиттик борбордун маселеси АКШнын пайдасына чечилгенинин далили. Эгерде Бакиевдин үстүнөн сотту ишке ашырса, тергөө учурунда Кыргызстандагы элитанын көбүн экс-президенттин уулу өзүнө тартат. Эгерде базаны калтыра турган болушса Максим Бакиевдин айланасына оппозиция топтолот",- дейт саясат таануучу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223873

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.