Укук коргоочуга кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

  13.05.13   13:51
 336

Укук коргоочу Улугбек Азимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салуу фактысы боюнча "Хулиганчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 13-майда "ВБ"га ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда укук коргоочуга кол салган адамдардын өздүктөрү такталууда.

Эскерте кетсек, 9-май күнү Бишкектин Свердлов районунан Азимовдун үй-бүлө мүчөлөрү менен белгисиз адамдардын ортосунда түшүнбөстүк чыгып кеткен. Кайым айтышуу чыр чатак менен аяктап, Азимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү жабыр тартышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223874

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.