Эгемберди Эрматов: Кыргыз тили улуттар аралык барылаштын тили болуусу керек

  13.05.13   14:29
 363

"Кыргыз тили улуттар аралык барылаштын тили болуусу керек". Мындай пикирин бүгүн, 13-майда, КСДП фракциясынын жыйынында Улуттук тил комиссиясынын жаңы төрагасы Эгемберди Эрматов билдириди.

"Мен ишке жаңы гана кириштим. Улуттук комиссия кыргыз тилин улуттар аралык барылаштын тили кылуу үчүн болгон аракетин жасайт", - деди Эрматов.

Анын айтымында, башка улуттун өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөнүү шартын түзүп берүү үчүн атайын курстарды ачуу иштерин уюштурулууда.

Ошондой эле Эрматов, мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилин билүү милдеттендирилбестен эң алгач алардын кесипкөйлүгүнө көңүл бурула тургандыгын, бирок чиновниктер мамлекеттик тилди билүүсү шарт экендигин баса белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, бүгүн БШКнын жыйынында Улуттук тил комиссиясынын жетекчилигине өткөндүгүнө байланыштуу Эрматов депутаттык мандатын өткөрүп берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223878

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.