Депутаттар Атахановдун өкмөттүн иши жөнүндө отчетун угууга макул болушту

  13.05.13   14:56
 237

Бүгүн, 13-майда, коргонуу жана коопсуздук боюнча парламенттин комитетинде КСДП фракциясынан депутат Исмаил Исаков 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчетун өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев тааныштырбаганына нааразы болду.

"Сатыбалдиев келген жок. Анын ордуна вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев келиши керек эле, ал дагы жок. Дегеле биз бул отчетту угушубуз керекпи? Ички иштер министри Абдулда Суранчиев өзү жаңы дайындалса, өткөн жылдагы отчетко тиешеси болбосо кайсы суроого жооп берет?",- деп сурады Исаков.

Ата-журтчу Курмантай Абдиев эмнеси болсо да депутаттар отчетту угууга тийиш экендиктерин айтты жана коопсуздук, тартипти сактоо жана чегара маселелери боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов отчет берүүгө келгенин билдирди.

Акыры депутаттар Атахановду угууга макул болушту.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223882

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.