Молтаев байдаркада сүзүү дүйнөлүк Кубогунун этабында сегизинчи болуп келди

  13.05.13   14:46
 246

Кыргызстандык Руслан Молтаев Венгриянын Сегеда шаарында өткөн байдарка жана каноэ менен сүзүү дүйнөлүк Кубогунун этабында сегизинчи болуп келди.

Мелдештин расмий сайтынын билдиришинче, 200 метрге алдын ала сүзүүдө Молтаев бешинчи келип жарымфиналга чыгуу мүмүкүнчүлүгүн алган. Финалга чыгуу мелдешинде да финалдык раунда да тогуз катышуучунун ичинен Молтаев сегизинчи келди.

Андан тышкары, Молтаев 500 жана 1000 метрлик дистанцияларга сүзүү мелдешине катышты. Анда жарым финалга чейин жетип 9-орундарга илинди.

Турнирдеги 200, 500 жана 1000 дистанцияларында сүзүүгө Игорь Дофеев катышып жарым финалга чейин жетти. Ошондой эле Александр Пароль да жогорудагы дистанцияларда жарым финалга чейин катышты. Илья Альгин менен Максим Бондарь алдын ала өткөрүлгөн раундардан өтө алышкан жок.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223883

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.