Атаханов: Өткөн жылы сот системасы 160 миң сомду алган жок

  13.05.13   15:01
 270

2012-жылы сот системасы бюджеттен ала турган 160 миң сомду алган жок. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда, парламенттин сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде коопсуздук, тартипти сактоо жана чегара маселелери боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылы сот системасын каржылоого 444 млн 870 миң сом бөлүнмөк, бирок каржы министри 444 млн 706 миң сом гана бөлүп берген.

Ал өкмөт бүткүл сот системасын каржылоону көбөйтүү боюнча олуттуу чараларды көрүп жатканын кошумчалады.

"Бул тармакта бир катар маселелерди чечүү керек, негизинен имарат жана транспорт жетишсиздиги сыяктуу маселелер бар",- дейт вице-премьер.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223884

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.