Түштүк-батыш көрүстөнүнө баруу үчүн автобустар уюштурулат

  13.05.13   15:35
 213

Эртең, 14-майда, христиандардын көзү өтүп кеткен ата-энелерин эскерүү күнү үчүн саат 8:30да 15ке жакын муниципалык автобус түштүк-батыш көрүстөнүнө жүргүнчүлөрдү ташыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автобустар 3 жерден жөнөп кетет. "Хайятт" мейманканасынан, Ош базарынан (Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кезилишинен) жана 12 кичи райондун акыркы аялдамасынан.

"Хайятт" мейманканасынан чыккан автобус Байтик Баатыр, Ахунбаев, Тыныстанов, Жайыл Баатыр, Бах көчөлөрү аркылуу өтөт. Ош базарынан чыккан автобус Бейшеналиева, Москва, Асаналиев, Гагарин, Бах көчөлөрүн аралап кетет. Ал эми 12 кичи райондун акыркы аялдамасынан чыккан автобус Токомбаев, Сухэ Батор, Жунусалиев, Донецкая жана Байтик Баатыр көчөлөрүнү жогору жагы менен кетет.

Автобустарын иштөөсү көрүстөнгө барган адамдардын санынан көз каранды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223886

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.