Бишкектин мэри ЕРӨБдүн өкүлү менен биргелешкен долбоорлорду талкуулады

  13.05.13   15:36
 327

Бүгүн, 13-майда, баш калаанын мэри Иса Өмүркулов Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басмасөз кызматы кабарлайт.

Жолугушууда тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга байланышкан бир катар иш-чараларды талкуулашты. Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын көмөгү менен Бишкекте үч долбоор: суу менен камсыздоо, троллейбус паркын толуктоо, ошондой эле таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатат.

"Биздин биргелешкен ишибиз мындан ары да ушул багытта уланмакчы. ЕРӨБ шаардын инфраструктурасын кеңейтүү жана өнүктүрүү боюнча долбоорлорго көмөк көрсөтүүсүн токтотпойт. Алар гранттардын жана насыянын эсебинен жүргүзүлөт ",- дейт башкаруучу директор Томас Майер.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223887

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.