Эртең Камчы Көлбаевдин иши боюнча соттук отурум улантылат

  13.05.13   15:47
 319

Эртең, 14-майда, Биринчи май райондук сотунда криминал авторитети аталган Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу соттук отурум улантылат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, Көлбаевге карата кылмыш жаза кодексинин 231- беренеси - "Кылмыштуу топторду уюштуруу", 247-беренеси - "Баңгизат, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, мыйзамсыз өндүрүү же берүү", 241-беренеси - "Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү", 123-берене - "Адамды уурдоо" боюнча кылмыш иштери козголгон. Мындан тышкары ага бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү, саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү, каракчылык, опузалоо, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо боюнча айып тагылууда.

Камчы Көлбаев 8-декабрында Араб Эмираттарынан Кыргызстанга келээри менен камакка алынган. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта.

Басма сөз кызматынан билдиргендей, Көлбаевдин иши боюнча 6 соттук отурум өткөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223889

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.