Депутаттар өкмөттүн отчету үчүн Атаханов менен чатакташты

  13.05.13   15:51
 278

Бүгүн,13-майда, коргонуу жана коопсуздук боюнча парламенттин комитетинде 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берип жатып коопсуздук, тартипти сактоо жана чегара маселелери боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов Кыргызстандагы 91 диний билим берүү жайларында 4 630 адам окуй турганын билдирди. Алардын арасында он ислам жогорку окуу жайында - 1 124, ошондой эле 65 медреседе - 2 495, жети жогорку христиан окуу мекемелеринде - 51 адам билим алат.

Депутаттар Атахановдун отчетунда "коргоо жана коопсуздук тармагында түзүлгөн жагдай жөнүндө сөз айтылган жок",- деп нааразы болушту. Баарынан катуу социал-демократ Исмаил Исаков нааразыланды. Ал башында эле отчетту укпай коелу деп эскерткенин айтты. Депутаттар ошондой эле Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытовду анын отчетунда мамлекеттик чегараны делимитациялоо жөнүндө эч нерсе айтылган эмес деп, угуудан баш тартышты.

Жыйынтыгында Исаков менен Атаханов кайым айтышып кетишти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223890

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.