"Алтын-Кендин" кассирине кол салуу ишине шектүү делген 5 адам колго түшүрүлдү

  13.05.13   15:52
 264

Кытайлык алтын өндүрүүчү "Алтын-Кен" компаниясынын кассирине кол салуу ишине шектүү делген 5 адам колго түшүрүлдү. Бул тууралуу "ВБ"га милиция кызматкерлери билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү деп табылган 24, 29, 27, 25 жана 22 жаштагы Бишкектин тургундары 10-майда колго түшүрүлгөн.

Алардын жашаган жерин тинтүүгө алган учурда ар кандай валютадагы ири суммадагы акчалар табылган. Шектелип жаткандарын биринин үйүнөн эч нерсе табылган эмес, бирок ата-энеси өз эрки менен 130 миң сом акча жана 20 миң доллар кайтарып беришкен. Кармалгандардын дагы бирөө Ысык-Көлдүн жээгинде уурдалган буюмдарды каткан жерди көрсөтүп берген.

Учурда шектелип жаткан адамдар убактылуу кармоочу жайда кармалууда жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223891

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.