Карамушкина: Күч органдарынын турак-жайын куруу маселесин тез арада чечиш керек

  13.05.13   16:07
 291

Бүгүн, 13-майда, коргонуу жана коопсуздук боюнча парламенттин комитетинде 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчетун угуу маалында Чегара кызматынын башчысы Токон Мамытов өткөн жылы мекеменин бюджети кыскарганын билдирди.

"Болгону чегарачылардын айлык акысы жогорулады. Чегара кызматынын кызматкерлери үчүн турак-үйлөрдүн курулушуна, күйүүчү-майлоочу майларды сатып алууга акча жок. Бул үчүн 130 миллион сом кажет",- дейт ал.

Коргонуу жана коопсуздук боюнча парламенттин комитетинин башчысынын орун басары Ирина Карамушкина чегарачылар жана башка күч органдарынын кызматкерлери үчүн турак-жай куруу маселеси абдан курч экенин белгиледи.

"Аймактарды канча кыдырсак, ошончо чегара жана башка кызматкерлердин үйү жок экенинин айтышат. Мен күч ведомстволорунун ардагерлери өмүр бою квартира алууга акча иштеп таба албаган учурларды билем. Турак-жай куруу жөнүндө маселени чечүү зарыл",- деп баса белгиледи ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223892

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.