Кара-Балтанын тургуну бирге жашаган аялга бычак сайып өлтүрдү

  13.05.13   16:09
 314

Кара-Балтанын тургуну 36 жаштагы курбусуна бычак сайып өлтүрдү. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Балтанын батирлеринин биринен 11-май күнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн аялдын денеси табылган. Окуя болгон жерге Жайыл райондук ИИБнын ыкчам иликтөө тобунун кызмакерлери келип, текшерүүгө алышкан. Бычакталган адам 36 жаштагы ошол батирдин тургуну болуп чыккан.

Кылмышка шектүү делип, аял менен бирге жашаган, мурун соттологон 31 жаштагы адам кармалган. Аны Москва айылынан кылмыштын изи сууй электе колго түшүрүүгө мүмкүн болгон.

Бул иш боюнча Жайыл районунун кылмыш иликтөө бөлүмү кылмыш ишин козгоп, шектелген адам убактылуу кармоочу жайда кармалууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223893

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.