Коопсуздук жана коргонуу боюнча өкмөттүн ишине начар баа коюну сунушташты

  13.05.13   16:10
 291

Бүгүн, 13-майда, коргонуу жана коопсуздук боюнча парламенттин комитетинин мүчөлөрү 2012-жылдагы коргоо жана коопсуздук боюнча өкмөттүн ишине "канааттандырарлык эмес" деген баа коюуну сунуш кылышты.

Мындай сөзгө карамандай каршы экенин коопсуздук, тартипти сактоо жана чегара маселелери боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов билдирди. "Бул арада эл тынч жашады, коркпой калышты. Бул башкы нерсе эмеспи? Сиздерди эл карап олтурат. Ойлонуңуздар, эмне үчүн өкмөткө мындай баа берүүнүн зарылдыгы бар?",- деп сурады Атаханов.

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина өз кезегинде бул бааны жумшартуу керектигин жана министрлер кабинетинин 2012-жылдагы коопсуздук боюнча ишин жетишсиз деп баалоо керектигин айтты. Бирок анын партиялашы Исмаил Исаков менен ата-журтчу Курмантай Абдиев "өкмөткө канааттандырарлык эмес деген баа коюу керек" деп өздөрүнүн айткандарын кайталашты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223894

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.