Аксы районунун тургуну килограмм нашаа менен кармалды

  13.05.13   16:15
 300

Аксы районунун тургунун милиция кызматкерлери 1 килограммга жакын нашаа менен кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11- май күнү саат 20.30дар чамасында Жалал-Абад облустук ИИБнын коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери атайын операция жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында Таш-Көмүрдүн Кызыл-Алма участкасынан маңзат даярдап сатып жүргөн адамды колго түшүрүшкөн.

"Маңзатты мыйзамсыз сактоо жана сатуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, колго түшүрүлгөн адам убактылуу кармоочу жайда камкта. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223896

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.