Forbes: Березовский Максим Бакиевден 50 миллион доллар карыз алган

  13.05.13   16:44
 337

КРдеги Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар борбордук агенттигинин мурдагы башчысы Максим Бакиев өз маалында Борис Березовскийге карыз акча берген. Бул тууралуу 8-майда Forbes басылмасына жарыяланган олигархтын мурдагы шериги Леонид Богуславскийге шилтеме кылынган макалада айтылат.

"Богуславский Березовский дайыма карыз алганын эскерет. Өз жактоочуларына ал 40–50 млн доллар карыз болгон. 50 млн долларды ал Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевден карыз алган. Өз кезегинде ал Бакиевге бийликти алууга жардам берген болчу",- деп кабарлайт басылма.

Мындан тышкары макалада 2007-жылы Жерүй кенинин активдерин 130 млн долларга сатуу - олигархтын жалгыз кирешелүү операциясы болгону айтылат.

Басылманын булагы айтканга таянсак, 2007-жылы Жерүйдүн үлүшү 130 млн долларга сатылып, Березовскийдин акчаларын башкаруучу Патаркацишвилинин эсебине которулган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223898

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.