Грециядагы шахмат боюнча эл аралык турнирде Сапар Эмил сегизинчи болду

  13.05.13   16:37
 330

Кыргызстандык Сапар Эмил Грецияда өтүп жаткан шахмат боюнча эл аралык турнирде сегизинчи орунду ээледи.

Мелдештин расмий сайтында маалымдалгандай, Сапар Эмил жети тур өткөрүп, анын төртөөндө жеңишке жетип, бирин бирдей эсеп менен бүтүргөн.

Натыйжасында, мүмкүн болгон жети упайдан 4,5 чогултуп сегизинчи орунга татыктуу болду. Турнирдин жеңүүчүсү болуп индонезиялык Сукандр Ирине аталды. Айымдын эсебинде алты упай бар эле.

Бардыгы болуп эл аралык турнирде Түркиядан 46 шахматчы, Кыргызстан, Индонезия, Индия, Греция, Сербия, Азербайжан, Израиль жана башка мамлекеттерден катышышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223900

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.