Келечекке инвестиция деген эмне?

Эки дипломдуу "чилистендер" чыкпаш үчүн баланы кайда, кантип окутуу керек?
  13.05.13   16:50

"Сен карыганда бага турган кичүү балаң болгондон кийин кыргызча эле мектепке бер", "орус мектептен окутсаң балаң орус мүнөз болуп калат", "тууган-уруктун кадырын билбей калат", "мына, биз деле кыргызча мектепти бүтүп жакшынакай эле окуп иштеп жатпайбызбы" деген сыяктуу жооткоткон сөздөрдү акыркы кезде көп угуп келе жатам. Анткени быйыл биринчи класска бара турган уулумду кайсы мектептен окутуу жөнүндө маселе алдыда турган эле. Балам тогуз ай бою борбордогу "Балажан" балдарга эстетикалык тарбия берүү борборунда окуп, арипти кадимкидей таанып, алып-кошконду да билип калды. Мунусу жакшы дечи, эми андан ары кайсы мектепте окутуу керек?

Жогорудагы көңүл жооткоткон сөздөрдү туугандар, тааныштар айтышты. Жалгыз гана кызым каршы болуп, баламды орусча окуткан мектепке берели деп туруп алды. Ушундан кийин дегеле орусча кыргызча окуткан мектептер жөнүндө сурамжылап баштадым. Бирок кыялымда баламды №61 математика, физикага басым жасап окуткан мектепте окутсам дечү элем, ал мектеп тууралуу билсем, биз небак кечигип калыппыз. Көрсө анда окуш үчүн бала бакчадан тарта даярданып анан гана баруу керек экен. А менин балам балабакчага деле жыргатып барган эмес. №67 мектеп жакшы, анын үстүнө жумушка жакын деп аякка барып сүйлөшсөм, өзүбүздүн микроучастокто жашасаңар гана алабыз, болбосо үмүт да кылбагыла деп супсунду суутту. Эгер мындай болсо анда менин балам Лебединовканын мектебинен гана окушу керек. Илгерки атактуу №5 мектепке берүүгө жакшы эле көңүлдөнүп жаттым эле, бирок ал жердеги мугалимдердин баягы номур беш жок дешип, анан калса мугалимдердин директору менен чырдашып жүргөнү эске түшүп андан айныдым. Алыкул Осмонов атындагы кыргыз мектепке берүүгө бел байлап, бирок анын үйгө да, жумушка да алыс экенин билген соң жана баланы бир-эки жыл мектепке жеткизип кайра алып кетүүнү эстегенде мындай перспективадан да баш тарттым. Эмне кылуу керек?

Бир чети жакшы билим берген мектеп, дагы бир жагы жеткизүү, алып келүүгө ыңгайлуу да болушу керек эмеспи. Ойлонуп жатып акыры мындан он жыл мурдагы жолума кайра түштүм. Баламды №12 мектепке бермей болдум. Кызым ушу мектепте окуйт, окуусу мыкты, балам деле кызымдай окуса жаманбы? Мейли орусча окутса да билимди жакшы берсе болду да.

Эң кызыгы, аталган мектепке барып директоруна жолугуп, каалаган максатымды айтсам, ал каршы деле болгон жок, бирок менин кызым ушу мектепте онунчу класста окуйт деп аты-жөнүн айтсам директор компьютеринен дароо менин кызым жөнүндө маалыматты сууруп чыгып кыздын энеси мен экениме ишенбей койсо боло! Кызыңыздын да уулуңуздун да документин алып келиңиз, анан сүйлөшөлү деп койду. Эртеси экөөнүн тең документин алып барып кайра- кайра көрсөтүп директорду ишендирдим. Ошентсе да директордун акыркы сөзү эсте калды. "Балаңыз да кызыңыздай болсо анда биздин мектепке алалы". Директор мектептин мөөрү, өзүнүн колу коюлган кичине барак берип, ушуну көрсөтүп кабылдамадан чогулта турган документтер тизмесин алып, аларды жыйнап 15-июнга чейин тапшыруумду айтып жөнөттү. Ушу тапта поликлиникадан медкароодон өтүү алдыда турат. Бул го бүтөт дечи, менин тынчымды алган башка.

Эмне үчүн орусча окуткан мектепте кыргыз баланын психологиясы өзгөрүп кетет же балаң кыргыз болбой калат деген ишеним дагы эле болсо арабызда бар? Себеби ар бир ата-эне мейли орусча, мейли кыргызча баласына жакшы билим берүүнү гана каалайт эмеспи. Ал эми тарбияны мектепке эле жүктөп салбай биринчи кезекте үй-бүлөдө тарбия башкы орунда туруусу керек го. Бала кыргызча окуса эле кыргыз болуп, орусча окуса эмнеге кыргыз болбой калаарына баш жетпей эки анжы ойлордон арылбадым.

Дегеле баланы тарбиялоо, окутуу боюнча биздин коомдо карама-каршы көз караштар абдан көп. Мисалы, көпчүлүк ата-эне бала деген балалык доорун сүрүш керек, убагы келгенде баарына жетишет деп мектепке чейинки бала бакчага берүү же анын жөндөмүнө жараша ар кандай секцияларга алып барууга көп деле көңүл бурушпайт. Жетиге чыкканда мектепке барса болот деген гана ой менен мектепти эле ойлойбуз. Ошол эле учурда бала төрөлгөндөн тарта жети жашка чейин билим алууга абдан жөндөмдүү болот, ушу аралыкта ага колдон келишинче билим берүүгө аракет кылсаңар кийинки билим берүү үчүн жумшалган каражаттан 7-10 долларга чейин үнөм кыласыңар деп Роза Отунбаеванын айтканы бар. Ал азыр билим берүү тармагы менен алышып жатпайбы. Роза Исаковнанын айтымында, Европа өлкөлөрү да бул боюнча акыркы жыйырма жылда көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүп күтүлбөгөн натыйжаларга жетишкен экен. Көрсө балага билим берүү канчалык эрте башталса, натыйжасы да ошончолук жакшы болору аныкталыптыр. А бирок биздин "ии, окуп Ленин болосуңбу", "чилистен болмок беле", "тигине, тиги баланча деле окуп кыйратты эле, эки диплому менен базарда отурат го" деген сыяктуу көз караштарды кайда алып барабыз?

Албетте, балаң дени чың, акыл эси өнүккөн, спорт менен да ыр- күү менен да дос болгон, мектепте мыкты окуган бала болсун десеңиз, анда жок дегенде азыртадан баштап балаңыздын келечеги үчүн инвестиция жасай баштоо керек. Вундеркинд болбосо да азыркы заманда өз мээси менен жашаган бала болсо жаманбы?

Дегеле бала тарбиялоо, билим берүүдө калыптанып калган бирок небак эскирген көз караштардан арылбасак, келечекте башка улуттар менен мээси, жаңы технологиялар менен атаандаша ала турган балдар эмес эле алардын кара жумушун жасай турган мигранттарды гана чоңойтуп беришибиз мүмкүн.

Силер кандай дейсиңер?

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223902

 Комментарийлер:
#1 Руслан
2014-02-19 12:38:07 Цитата / 0 / -

Ас Саламу Алейкум! мен жакында эле буттум чон окуу жайды,албетте балдарым жок а бирок мен кудай буйурса балдарымды кыргыз мектепке берем Ин Ша АЛЛА

#2 БакытБек
2016-02-06 21:24:06 Цитата / 0 / -

Сиз орус мектепке бериниз баланызды. Орус мектептекилер Россияны программасына ылайыктап окуутуга аракет кылышат. Сиз дин баланыз окууну буткондо Оруссияга окууганга шарт тузулот. 7- жаштан 17 жашка чейин орусча социалдашуу процессинде толук канду объектиси болуп калат. Оруссияда окуп орусча калыптанган бала орус кыздарына уй-лонгонго шарт тузулот жана ошол жакта калат.

Эл жон эле соз айта бербейт. Бул турмуштук тажрыйба. Бишкек шаарында болсо кыргыз мектепке берсениз жакшы болот. Себеби Бишкек шаарында кыргыз мектепте, кыргыз уй-булодо жашап жана калыптанга бала деле шаардагы чойродо орусча социалдашат. Буга туруштук берет деп, копчулугу кыргыз мектепке бере баштады.

Сиз кыргызча окуткан Герман Гмайнер мектебин барып башталгыч класстарда окууту ыкмасын, шартарын жана талаптары менен таанышып корунуз. Кийин таразага салап корунунз.

Бардыгын Сиз чечечиз. Баланыздан дагы сурап корунуз.

Саламатта болунуз.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.