Нарындык ардагерлерге ЖКнын депутаттары колдоо көрсөтүштү

  13.05.13   17:02
 370

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков жана Шаршенбек Абдыкеримов Улуу Ата Мекендик согушта Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына карата Ат-Башы жана Нарын райондорундагы элүүдөн ашык ардагерлерди майрамы менен куттуктап. аларга материалдык жактан колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.

"Сиздер бул Жеңишти кандай гана кыйынчылыктар менен менен алып келгенсиздер, андыктан кийинки муун баатырлардын эрдигин эч качан унутпайбыз" деген эл өкүлдөрү ардагерлерге бекем ден соолук, узун өмүр сүрүүнү каалашты.

Улуу Жеңишти утурлап барган депутат Майрамкүл Тиленчиева да кесиптеши Алмазбек Баатырбеков менен бирге Нарын шаарынын тургундары, согуштун ардагерлери, 91-жаштагы Тукеш Токтомушев менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти 90-жаштагы Сейитказы Андабековдун үйлөрүндө болуп, Жеңиш ээлери менен чай үстүндө пикир алышып, каалоо- тилектерин айтып, ардагерлерге материалдык жардам берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223903

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.