Маммүлк фонду үч мамлекеттик объектини аукционго алып чыгат

  14.05.13   07:59
 267

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) мамлекеттин менчигиндеги үч объектини сатуу боюнча ачык аукцион жарыялады.

ММБФдан кабарлашкандай, 7-июнга белгиленген лотодо 3,91 миң чарчы метр жери менен пайдаланылбай турган лабораториянын имараты, "Миң-Булак" жабык акционердик коомунун (ЖАК) 19 пайыз мамлекеттик акциялар пакети, ошондой эле "ВАСО" ачык акционердик коомунун (ААК) 0,377% акциясы сатылат.

Токмок өнөр жай зонасындагы койдун жүнүн алгачкы баскычта иштетип чыга турган мурдагы фабриканын лабораториясынын имараты Чүй районунун агрардык өнүгүү башкармалыгын карамагында турат. Учурда имарат каралбай калган. Анын алгачкы баасы-1 млн 85 миң сом.

"Миң-Булак" ЖАКы Балыкчыда жайгашкан жана транспорттук тейлөө көрсөтөт. Коомдун уставдык капиталы - 930 миң сом.

"ВАСО" ("Военно-антоновкалык атайын бөлүк") ААКы унаалардын ремонту жана тетиктерин жасоого, ошондой эле соода ишмердүүлүгүн жүргүзүү менен иш алып барат. Коомдун баштапкы капиталы 432 миң сом.

Аукционго катышуу үчүн билдирмелер 6-июнга чейин кабыл алынат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223906

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.