Кыргызстан менен Тажикстандын аскер бөлүктөрү тажрыйба алмашат

  14.05.13   08:00
 266

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо министрликтери эки мамлекеттин армиясынын ыкчамдыгына жана аскердик даярдыгына байланышкан бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай макулдашуу Тажикстандын Худжанд шаарында Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басары Ильязбек Субанкулов менен Тажикстандын коргоо министринин биринчи орун басары Рамил Надыров менен жолугушуусунун учурунда жетишилди.

Тараптар ошондой эле эки ведомствонун ортосундагы кызматташтыктын жыйынтыктары тууралуу пикир алышты. Жолугушуу жылуу маанайда өттү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223907

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.