Владимир Жириновскийди өлкөгө киргизбей коюу сунушу айтылды

  14.05.13   08:03
 254

Кыргызстандын парламенти Россиянын мамлекеттик Думасынын депутаты Владимир Жириновскийди өлкөнүн аймагын киргизүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу сунушун депутат Жылдызкан Жолдошова кечээ, 13-майда, парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында билдирди деп кабарлайт REGNUM маалымат агенттиги.

Анын айтымында, Владимир Жириновскийди өлкөгө киргизбей коюу Кыргызстан мамлекеттин карызы үчүн Ысык-Көлдү бериши керек деп айтканына байланыштуу. "Эмне үчүн ал биздин эгемендүүлүктү басмырлагысы келет. Мындай айтышка ага ким укук берди? Ал мындай сөздөрдөн кийин Кыргызстанга келүүгө акысы жок",- билдирди депутат.

Депутаттар бул маселени Кыргызстандын парламентинин келерки жыйынында кароо чечимин кабыл алышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223909

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.