Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

  14.05.13   09:18
 254

Бүгүн,14-майда, Бишкекте 9:00дөн 17:00гө чейин Исанов, Токтогул, Матыев, Тайшетская, Красная; Токтогул, Үмөталиев, Сыдыков көчөлөрдүн барчаларында; Ленская жана Скандинавская кичи көчөлөрүндө; Тираспольская көчөсүндөгү А-1 көп кабаттуу үйдө, Орто-Сай айылында электр энергия өчөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан билдиришти.

Ушул эле убакта Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарынын борбор жана түштүк тарабында да электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Ал эми саат 12:00дөн 17:00гө чейин Кемин районундагы Орловка шаарынын (Киров, Победы, Кутузов көчөлөрүндө) электр жарыгы жок болот. Убактылуу электр энергиянын өчүрүлүшүнүн себеби трансформатордук көмөкчордондорду техникалык тейлөөдөн өткөрүп, "Парковая", "Кайыңды" көмөкчордондорунан тараган 10 кВ аба электр берүү чубалгыларынын зымдарын тарттырып, бүлүнгөн изоляторлорду алмаштырып, өсүп кеткен бак-бутактарды тазалоо иштерине байланыштуу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223914

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.