Жалал-Абад мамадминистрациясынын чиновниктери 5 млн сомду мыйзамсыз жок кылган

  14.05.13   10:25
 255

Жалал-Абад облустук прокуратурасы капиталдык курулуш башкармалыгынын чиновниктерине карата бюджеттик каражаттарды ыксыз короткон деген фактынын негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында маалымдалган.

Маалыматка ылайык, чиновниктер кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2010-2011-жылдары республикалык бюджеттен билим берүү объекттилерин куруу, мектептерге керетүү жабдыктарды сатып алуу, кызматкерлердин айлык акысы жана башка керектөөлөр үчүн бөлүнгөн 4 млн 220 миң 796 сомду мыйзамсыз жок кылышкан.

Андан тышкары бухгалтердик документтерди жасап, жалган маалымат берүү менен 2011-2012-жылдардын соңунда кассада калган 1 млн 238 миң 406 сомду өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышкан. Бардыгы болуп мамлекетке 5 млн 459 миң 202 сом чыгым алып келишкен.

Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223916

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.