Борбордогу жаңы конуштарда автомагистраль салынат

  14.05.13   10:19
 234

"Арча-Бешик" жаңы конушунда уруксатсыз курулган бир нече объектини демонтаждап, кеңири автомагистралын салуу үчүн территорияны бошотушту. Бул тууралуу мэриянын капиталдык куруу иштеринин мамлекеттик коомдук башкармалыгынын жетекчиси Рахат Сүйүмкулов билдирди.

Бир нече турак жайлар жана соода түйүндөрүн бузууга туура келди. Себеби, алар "кызыл чийин" деп аталган чектен ашырып салынып калган. Жол оңдоочулар территорияны тегиздеп, аны курулуш иштерине даярдап жатышат. Ал жерден генплан боюнча "Арча-Бешик" автотрассасы өтөт.

"Арча-Бешик" эл эң жыш отурукташкан жаңы конуш, бул жакта жеке унаалар абдан көп. Ошондуктан сапаты жогору жолдор абдан зарыл.

Бишкектин түштүк-батышындагы ТЭЦ-2ден алыс эмес жайгашкан "Ак-Өргө" конушу дагы эң тез кеңейип жаткан райондун катарында. Ал жака да жол салуу ведомствонун планына киргизилген.

"Жолдорду салуу үчүн бизге түрк кредитинен 392 миллион сом убадаланган. Ошондой эле, суу түтүктөрүн өткөрүү жана трансформаторлорду орноштуруу да пландашылган. Бирок, республикалык жана шаардык бюджеттен каражаттар түшө элек", - деп Рахат Сүйүмкулов арызданды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223918

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.