Айнура Чанчарбаева Дүйнөлүк бий олимпиадасында өз номинациясында жеңди

  14.05.13   10:34
 282

Айнура Чанчарбаева Москва шаарында өткөрүлүп жаткан X Дүйнөлүк бий олимпиадасында Oriental номинациясында биринчиликке жетишти.

Белгилей кетчү жагдай, Айнура араб бийин профессионалдуу деңгээлде аткарган атаандаштарынын арасынан суурулуп чыгып, жеңишти багындырды. Бийчи айымдын айтымында, бул сынакка дүйнөнүн 43 мамлекетинен 25 миң катышуучу келген.

"Бул чындап эле масштабдуу жана уникалдуу иш-чара болду. Дүйнөлүк бий олимпиадасы 50дөн ашык бий багыттарын камтыйт. Мен биздин мамлекеттин атынан чыккандыгым үчүн кубанычтамын", - дейт бийчи.

Oriental бий багыты эң популярдуулардын катарына кирет. Себеби ага катышкан талапкерлер да абдан көп. Биринчиликке эле 100дөн ашык селкилер ат салышты.

Айнура Чанчарбаева өзүн кинодо да сынап жетишти. Ал Кыргызстандагы атактуу кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун "До+Фа=Любовь" музыкалык комедиясында тартылган.

Заманбап эстрада бийи федерациясынын президенти Оксана Поляничконун айтымында, Айнурда мындан ары дагы өнүгүүгө ички каалоо жана мүмкүнчүлүк бар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223919

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.