Сибир жарасына кабылган деген божомол менен Оштун тургуну ооруканага жаткырылды

  14.05.13   10:45
 277

6-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун аймактык ооруканасынын инфекциялык оорулар бөлүмүнө Сибир жарасы илдетине кабылган деген божомол менен адам жаткырылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымтка ылайык, бейтап 1993-жылы туулган жигит. Ал 28- апрелде мал мууздоого катышкан.

Учурда бул аймакка Кара-Кулжа районунун санитардык көзөмөл жүргүзүү борборунун адистери жөнөп кетишкен. Дарыгерлер түтүнмө-түтүн кыдырып текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

"Тизмеге алынган адамдардын бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө профилактикалык дарылоо алып жатышкат. Ал эми байтаптан анализдер алынып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп маалымдайт министрликтен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223920

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.