АКШнын түндүгү жана Канада "муз цунамисинен" кыйрады

  14.05.13   11:11
 201

Канада көлүнүн жээгинде жана түндүк Минесотто болгон "муз цунамисине" штормдук катуу шамал себеп болгон. Бул тууралуу ABC News маалымдайт.

Секундасына 50-60 метрге жеткен катуу шамаал суу толкунун жаратып, анын кесепетинен жээкке муздун чоң бөлүгү агып келген. Көл жээгинде жашаган адамдар суу аркылуу жылып келе жаткан муздун чоң катмарына күбө болушкан.

Айрым жерлерде муз ондогон метр аралыкка чейин жылып келген. Цунаминин кесепетинен курулуштар жана бакчалар кыйраган. Манитобтогу Дофин көлүнүн жээгиндеги 12 коттедж цунамиден улам кыйрап жок болгон. Бул аймакка агып келген муздун катмарынын бийиктиги 10 метрге жеткен. Аба ырайыныны шартына жараша айрым райондорго өзгөчө кырдаал киргизилген.

Шторм 15 мүнөт гана созулган. Жергиликтүү тургундардын арасында каза болгондор жана дене жаратына кабылгандар жок.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223924

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.