Кыргыз желегинин өңүндө тигилген спинакерлер абдан жакшы көрүнөт экен

  14.05.13   11:08
 319

Жел кайык спорту боюнча I Жеңиш Кубогунда жел айдагыч кендир кездемелер улуттук желектердин өңүндө тигилди.

2013-жылдын 6-11-майында, Ысык-Көл облусунда өткөн Жел кайык спорту боюнча I Жеңиш Кубогу ар кандай маанилүү окуяларга жана сюрприздерге бай болду. "Оптимист" жана "кадет" класстарындагы яхтсмендердин жарышы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш Күнүнүн 68 жылдыгына арналды. Эл аралык мелдештин демилгечилери болуп, Жел кайык спортунун федерациясы жана Ысык-Көл облусунун администрациясы болду. Алар ушул жолку мелдеште ар башка мамлекеттерден келген яхтсмендер өз өлкөлөрүнүн желектеринен тигилген спинакерлер алдында чыгышы керек деп чечишкен.

Бул демилгени президент Алмазбек Атамбаев жана ШККУнун генералдык катчысы Николай Бордюжа да колдошкон.

Мааракенин жүрүшүндө Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов Ысык-Көл фонду "оптимист" классындагы 50 кайык сатып алуу үчүн 3 млн 900 миң сом бөлүп берип жаткандыгын айтып, жаш спортчуларды кубанычка бөлөдү. Кайыктар сатылып алынгандан кийин, жогорудагы класста эл аралык мелдештерге да даярдык көрсө болот.

Мелдеште "оптимист" классында биринчиликти Нурлан Кенжеев алса, "кадет" классында Руслан Елисаев жана Вероника Кащаеванын курамындагы экипаж жеңди. Россиядан келген коноктор жаш спортчулардын иштеп жаткандарын тыкыр көзөмөлгө алып жатышты.

Соңунда стартка лөктөр – беш крейсерлик яхталар чыгышты. Сынактын кызыгын арттыруу үчүн алар кыска дистанцияда күч сынашты.

Көрүүчүлөр, кимдин спинакери россияныкы же кыргызстандыкыбы бурулуштан алгачкы көрүнө калат деп чыдамсыздык менен күтүштү.

Алыстан эле ачык кызыл өң чыга келгенде, жээкте отургандар кол чаап жиберишти. Бир аздан кийин гана россиянын спинакери көрүндү.

Балким россиялыктар азырынча бизге жеңилдик берип коюп жаткандыр, муну андан аркы мелдештер дагы көрсөтөр. Бирок бул ийгилик биздин спортчулардын мындан аркы ийгилик жаратуусуна шыктандырды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223925

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.