Бүгүн Бишкекке "Кумтөр" чатагы боюнча өкмөттүн консультанттары келет

  14.05.13   11:22
 234

Бүгүн, 14-майда, Бишкекке Кыргызстандын "Кумтөр" долбоору боюнча кызыкчылыгын коргоо иштерин башташ үчүн DLA Piper UK LLP менен PricewaterhouseCoopers компаниясынын өкүлдөрү келет. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун (ААК) басмасөз кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, DLA Piper Кыргызстандын өкмөтү менен "Кыргызалтын" ААКнын Centerra Gold Inc. компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүүдөгү юридикалык кеңешчиси болуп эсептелет, ал эми PricewaterhouseCoopers компаниясы каржылык консультант.

"Кыргызалтындан" 15-майда Centerra Gold компаниясынын жумушчу тобу келээрин да кабарлашты.

Эскерте кетсек, DLA Piper АКШда ири жаңжалга тартылгандыгы белгилүү болду. DLA Piper компаниясынын тейлөө көрсөтүү баасы тууралуу маалыматты "Кыргызалтын" жашыруун калтырууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223926

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.