"Чүй" командасы көк-бөрү боюнча Жеңиш Күнүнө арналган турнирди утуп чыкты

  14.05.13   11:22
 308

"Суусамыр" жана "Тынай" оюнчуларынан турган "Чүй" командасы Жеңиш Күнүнө арналган турнирде жеңип чыгышты. Финалда чүйлүк жигиттер чемпионаттын лидерлеринин бири "Кабылан" командасына каршылаш болду. Матч 6:4 эсеби менен жыйынтыкталып, жеңишке "Чүй" татыктуу болду.

Жеңген командага 150 миң сом, "Кабыланга" – 100 миң сом ыйгарылды.

Эске салсак, мурда үчүнчү орун үчүн "Талас" менен "Бөрүлү" беттешип, жыйынтыгында таластыктар 4:2 эсеби менен жеңишти.

Үчүнчү жана төртүнчү орунду алгандарга да акчалай байге 65 миң жана 30 миң сом каралган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223927

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.