"Фабула": Түлеев эми ардагерлерди бетине кармап...

  14.05.13   11:40
 319

Амалы түгөнүп, аргасыздан абакта жаткан Нариман Түлеев дале болсо, эркиндикке чыгууга далбастап жүргөн чагы, деп жазат "Фабула" гезити.

Басылманын маалыматы боюнча, ал 8-май күнү Нарын районундагы 13 жана шаардагы 7 ардагердин ар бирине даректүү түрдө миң сомдон берди. Сый тамак менен акчалай "белектен" кийин Нарын районундагы Ийри-Суу айылынан келген ардагер Асанакун Алдышбаев, Жалгыз-Терек айылынан Азык Өмүралиев Түлеевге тез арада чара көрүү керектигин белгилесе, калган ардагерлер бийлик алардын айтканына көнбөсө Ак үйгө пикетке чыгабыз деп коркутушуптур.

"Бети "бетон" болуп калган Нарикеңе айла жок экен да. Аялдардын, ажаандардын аягына кирип бүтүп, эми ардагерлердин бетине кармаганы кай жакшылык?" -дейт "Фабула".

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223928

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.