Шакиров: "Кумтөр" боюнча жалданган DLA Piper жаңжалга аралашкан эмес

  14.05.13   12:17
 260

Кумтөр" долбоору боюнча юридикалык кеп-кеңеш берүүчү катары тандалган DLA Piper эл аралык компаниясынын Нью-Йорктогу жаңжалга тиешеси жок. Бул тууралуу бүгүн. 14-майда, "ВБ"га "Kыргызалтын" ачык акционердик коомунун (ААК) башкаруу төрагасынынорун басары Кылычбек Шакиров билдирди.

Эскерте кетсек, Американын New York Times гезити DLA Piper эл аралык компаниясы АКШдагы ири жаңжалга аралашканын маалымдаган болчу. Нью-Йоркто бул фирманын кардарынын ага каршы берилген доо арызында DLA Piper фирмасы аткарбаган иши үчүн деле абдан үлкөн суммадагы акча алаары тууралуу доомат айтылган. "Бул эсепти жеп ал, чоң кыз!" деген темадагы макала белгилүү басылмага жарыяланган.

"Биз DLA Piper UK LLP- Лондон компаниясы менен, дал Мэтью Сондерс Партнерс мырзанын өзү менен келишим түздүк. Ал каржы чатактары боюнча арбитраждык соттордо болгон териштирүүлөрдө зор тажрыйба топтогон, жогорку деңгээлдеги кесипкөй адис. Ал эми жаңжалга АКШда иш алып барган компаниянын офиси тартылган, биз болсо DLA Piper-Лондон менен иштешебиз",- деп белгилейт Шакиров.

Эскерте кетсек, "Кыргызалтын" DLA Piper компаниясын ушул жылдын март айында кыргыз өкмөтүнө "Кумтөр" боюнча юридикалык кеп-кеңеш берүүчү катары жалдаган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223933

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.