ССМ: Азиз Батукаевдин диагнозу көз карандысыз экспертиза тарабынан тастыкталды

  14.05.13   12:51
 315

Саламаттыкты сактоо министрлигине (ССМ) Кыргыз илимий гематология борборунун (КИГБ) камактан бошотулган Азиз Батукаевге койгон "курч миелобласттык лейкоз" деген диагнозуна карата көз карандысыз экспертизанын бүтүмү келген. Бул тууралуу ведомствонунун басма сөз борбору кабарлайт

КИГБнын лабораториясында жүргүзүлгөн бейтаптын кан үлгүсүн морфологиялык изилдөөдө 30,4 пайыз бласт клеткалары табылган. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин педиатрия жана балдар хирургиясы борборунун лабораториясында ушул жылдын 2-майында Батукаевдин жүлүн мээсинен алынган препаратты карап чыккан кезде бласт клеткаларынын деңгээли 52 пайызды түзгөнү аныкталды. Ал эми онкология жана радиология казак илимий изилдөө институтунун 3-майдагы бүтүмүндө бласт клеткалары 36 пайыз деп көрсөтүлгөн.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамасына ылайык "курч лейкоз" диагнозу жүлүн мээде 20 пайыз бласт клеткалары болгон кезде коюлат.

"Ошентип альтернативалуу комиссия "бейтап Азиз Батукаев талашсыз түрдө курч миелобласттык лейкоз менен ооруйт" деген бүтүмгө келди",- деп айтылат басмасөз борбору берген маалыматта.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223934

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.