Кыргызстанда киреше жөнүндө декларацияны 97 пайыз чиновниктер берди

  14.05.13   12:53
 269

"Жыл өткөн сайын чиновниктердин киреше жөнүндө декларацияны берүүдөгү жоопкерчилиги көбөйүп жатат",- деп билдирди бүгүн, 14-майда, парламенттин ЖКнын регламенти жана депутаттык этика боюнча көчмө жыйынында Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Аалы Карашев.

Анын айтымында, учурда декларацияларды 97,1 пайыз чиновниктер берип бүтүштү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир кыйла көп.

Мамлекеттик кадр кызматынын башчысынын орун басары Олег Тарбинский киреше жөнүндө декларацияны кабыл алуу расмий түрдө 1-июнда аяктай турганын кошумчалады.

"Баардыгы болуп бизде 16 миң адам мамлекеттик административдик кызматта иштейт",- деп белгиледи ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223935

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.