Муфтият: Быйыл орозо 9-июлда башталат

Быйыл орозо 9-июлда башталат. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда, Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин кезектеги жыйынында маалым болду.
  14.05.13   12:56
 2311

Ошондой эле Орозо айт 8-августка, Курман Айт 15-октябрга белгиленди. Жогоруда аныкталган күндөр, айдын чыгышына карата, 1 күнгө жылышы мүмкүн. Фитир-садаканын өлчөмү 30 сом деп бекитилди.

Нисаб өлчөмү алтын менен эсептелгенде 114 750 сом делип, анын зекет катары берилчү өлчөмү (40/1) 2 868 сом деп табылды. Күмүш менен эсептелгенде 22 015 сом делип, анын зекет катары берилчү өлчөмү (40/1) 575 сом деп бекитилди.

2013-жылдагы ажылыктын буга чейин кылынган иштери боюнча Ажылык-Умра бөлүмүнүн башкы адиси Лугмар ажы Гуахунов отчет берди. Алардын арасында, Учак жана зыяратчылардын кийими боюнча өткөрүлгөн тендерлер, республикалык ажылык штабды түзүүгө 3-майда тиешелүү мамлекеттик мекемелерге жазылган каттар, боюнча маалымат угулду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223936

 Комментарийлер:
#1 Назгул
2014-05-15 19:38:57 Цитата / 0 / -

Урматтуу ! Мусурман элим Ыйык Орозону кармоо баарыбызга насиб этсин.

#2 миргул тургунбаева
2014-06-16 07:47:22 Цитата / 0 / -

Урматтуу мусурман элим тынч болушсун! ыйык орозону кармаганга баарыбызга насип этсин! Аллахым ата-энем бир тууганым,балам,кайын журтум тынч болушсун!

#3 Мусулман кыз Гулзада
2014-06-16 15:46:55 Цитата / 0 / -

Урматуу мусулмандар орозону кармагыла ыйман жолунда жургуло бул биз учун парз.

#4 Бакытбек
2014-06-20 01:11:19 Цитата / 0 / -

Уурмату кыргыз элим орозо кармоо барыбзга насип этси

#5 жороев мирлан
2014-06-20 01:52:39 Цитата / 0 / -

АССОЛОМУ АЛЕЙКУМ мусулман бир туугандар. Ыйык орозо баарыбызга.

насип кылсын.

#6 Кыргызов Абдыкаар
2016-04-24 17:17:46 Цитата / 0 / -

Ассолом алейкум мусульман бир туугандар Ыйык орозо баарыбызга насип кылсын

#7 Казыбек
2016-05-26 16:51:54 Цитата / 0 / -

Назгул

Урматтуу ! Мусурман элим Ыйык Орозону кармоо баарыбызга насиб этсин.

#7 Казыбек
2016-05-26 16:53:14 Цитата / 0 / -

Назгул

Урматтуу ! Мусурман элим Ыйык Орозону кармоо баарыбызга насиб этсин.

#8 Маматалиева Айгерим
2016-05-31 14:08:18 Цитата / 0 / -

Ассаламу алейкум урматтуу мусулман бир туугандар орозо кармоо баарыбызга насип кылсын,Инша Аллах

#9 аминова муслима
2016-06-01 15:31:42 Цитата / 0 / -

Ассаламу алейкум баардык мусулман бир туугандар ыйык орозону кармоо баарыбыз учун парз. Орозо кармоо баарыбызга насип кылсын инн шаллах!

#10 Байаман
2016-06-01 20:26:09 Цитата / 0 / -

Аллахым баарыбызга орозо кармоону насип кылсын кудай куч кубат сабыр берсин

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.