"Ала-Тоо Финанс" 200 миллион сомду өз керектөөсүнө короткон үчүн жоюлду

  14.05.13   13:38
 295

Чакан насыя берүүчү "Ала-Тоо Финанс" агенттиги 1 млрд сомдук насыя портфелинин 20 пайызын өз керектөөсүнө короткон. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда, парламенттин ЖКнын регламенти жана депутаттык этика боюнча көчмө жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, бул аталган уюмдун жоюлушунун негизги себептеринин бири.

""Ала-Тоо Финанс" жумушчулар, имарат менен офистерди ижарага алуу, жаңы эмерек сатып алуу сыяктуу жеке керектөөсүнө абдан көп каржы чыгымдаган. 1 миллион сомдук насыя портфелинен 200 млн сомду сарптаган, бул 20 пайызды түзөт",- дейт Оторбаев.

Ал азыркы учурда жеңилдетилген насыяларды берүү укугу жеке банктарга жана микро каржылоо уюмдарына берилгенин белгиледи.

Эскерте кетсек, "Ала-Тоо Финанс" 2012-жылы Жаштар, эмгек жана жумуштуулук министрлигинин алдында түзүлгөн. Агенттик дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берген, насыя портфели үчүн "Кумтор оперейтинг компани" жабык акционердик коому 1 млрд сом бөлгөң болчу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223941

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.