Кыргызстандагы мигранттардын көбү Өзбекстандан жана Тажикстандан келет

  14.05.13   13:39
 239

Кыргызстандагы мигранттардын басымдуу бөлүгүн Өзбекстандан, Тажикстандан жана Кытайдан келет. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда, тегерек стол учурунда Чек ара көзөмөлүн уюштуруу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эрлан Төлөгөнов билдирди.

Анын айтымында, Россиянын жана Казакстандын жарандарынын көпчүлүгү Кыргызстанга конок катары гана келишет.

"Өткөн жылы чек ара кызматынан Өзбекстандан келген 262 339 адам катттого алынган. Алардын 1 400 кишиси туруктуу жашоо үчүн келишкен. Ал эми Тажикстандан 112 366 адам келип, алардын 480и туруктуу жашоо үчүн калган. Кытайдан 24 947 адам келип, 17 киши туруктуу жашоого уруксат алышкан", - деди Төлөгөнов

Ошондой эле ал 2012-жылы Кыргызстандын чек арасын кезип өткөн орус жарандарынын саны 375 257, казакстандык жарандардын саны 2 млн 721 миң 463 адамга жеткендигин айтты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223942

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.