Ажылык сапарга баруу үчүн Кыргызстанга 4 500 квота бөлүндү

  14.05.13   14:08
 318

Бүгүн, 14-майда, Уламалар Кеңеши ажылыкты уюштуруу штабынын жобосун кабыл алды. Ага УКМКнын, ИИМдин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Унаа жана байланыш министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери кирет. Ал эми штабдын башчысын муфтий дайындайт.

Сауд Аравиясынын ажылык министрлиги менен макулдашууга кол коюлуп, 4 500 квота берилип, "Кыргыз Транс Авиа" компаниясы зыяратчыларды ташуу ишин мойнуна алган жана аларга кийим тигүүчүлөр дагы тендер аркылуу аныкталган.

"Учурда ажылыктын баасы аныктала элек. Аны штаб аныктайт. Ал эми авиокомпания 1-июнга чейин Сауд Аравиясынын өкмөтү менен учуу графигин тактоо керек. Болжол менен зыяратчылар ажылыкка 17-сентябрдан 3-октябрга чейин учушат. Кайра 20-октябрдан 30-октябрга чейин кайтып келишет", - деди муфтийдин орун басары Лугмар ажы Гуахунов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223945

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.