Мушкер Азат Үсөналиев Казакстандан күмүш медаль алып келди

  14.05.13   14:07
 271

Кыргызстандык боксчу Азат Үсөналиев Советтер Союзунун Баатыры Сагадат Нурмагамбетовдун байгелерине өткөн XVIII эл аралык турнирден күмүш байге менен кайтты. Мындай маалыматты "ВБ"га Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов берди. Анын айтымында, Үсөналиев үч беттешүүнү ийгиликтүү өткөрүп, финалда гана Казакстандык мушкерге утулуп калды.

Эске салсак, мындан мурдараак кыргызстандык Эрмек Сакенов да турнирде казакстандык спортчуга жол берип, коло байгеге гана илинген.

Казак ЖМКларынын маалымдашынча, үстүбүздөгү жылы турнирге Ирак, Сирия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Монголия жана Казакстандын өзүнөн 125 мушкер катышкан.

Астана калаасында өткөн турнир бүгүн 14-майда жыйынтыкталды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223946

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.