Улуттук стратегиянын баардык долбоорлорун ишке ашырууга 11 миллиард зарыл

  14.05.13   14:37
 247

Улуттук 76 долбоорду даярдоо жана ишке ашырууга 10 млрд 770 млн доллар зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Ал аталган 11 миллиард доллардын жарымы - 5,5 млрд долларын каржылай турган булактар табылганын белгиледи. Кыргыз республикасынын 2013-2017-жылдар үчүн туруктуу өнүгүү улуттук стратегиясынын калган долбоорлору үчүн инвесторлорду тартуу иштери жүргүзүлүүдө.

"Энергетика тармагындагы 16 долбоордун бааланган наркы 4,98 млрд доллар, алардын 12сине 4,6 млрд долларлык каржылоо табылды. Калган 380 млн доллар үчүн каржылоо булактарын издеп жатабыз",- дейт Сатыбалдиев.

Мындан тышкары тоо-кен тармагына 3 млрд 130 млн сом зарыл болсо, анын 1 млрд 130 млн сому табылган.

Өкмөт башчы ошондой эле агро өнөржай тармагындагы 24 долбоордун бааланган наркы 141,3 млн доллар болгонун, анын ичинен 14 долбоорго 96,1 млн долларлык каржылоо булагы табылганын билдирди.

"Транспорт-коммуникация тармагындагы 16 долбоордун баасы 2,13 млрд доллар, анын 462,8 млн долларын каржылай тургандар бар",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223947

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.