Жогорку Кеңештин билим берүү комитети Талиеваны 40 мүнөт күттү

  14.05.13   14:38
 270

Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчётун кароону 16-майга калтырды. Мындай чечимди депутаттар бүгүн, 14-майда, комитет жыйынында кабыл алышты.

"Республика" фракциясынан депутат Чолпон Султанбекованын айымында, бул маселени комитет докладчы, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Камила Талиеванын катышуусусуз кароого болбойт.

"Талиева учурда социалдык саясат комитетинде өкмөттүн отчётун берип жатат, андыктан билим берүү комитетине келе албай калды", - деди Султанбекова.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү бул маселени 16-майда боло турган кезексиз жыйынга калтырды.

Белгилей кетсек, комитет мүчөлөрү өкмөттүн отчёту менен танышуу үчүн Талиеваны 40 мүнөт күтүштү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223948

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.