Бишкекте ушул жылы кайрадан оңдолгон алгачкы жол ачылды

Бул Кыргызстандын тарыхындагы жеке ишкерлердин эсебинен кайра оңдолгон алгачкы жол.
  14.05.13   14:30
 388

Бүгүн, 14-майда, Бишкекте ушул жылы кайра оңдолгон жолдун алгачкысынын ачылышы болду. "Дордой" базарынын жанындагы Элебесов көчөсүнүн авариялык абалга келип калган бөлүгүн, жол салуучулар бир айдын ичинде жаңыртышты. Бул иштин өзгөчөлүгү – жеке ишкерлер "Алкан базары" базарынын администрациясынын эсебинен салынган алгачкы жол.

"Алкан базарынын" вице-президенти Чынгыз Алкановдун айтымында, оңдолуп жаткан жолдун узактыгы 1300 метр, туурасы 8 метр, төшөлгөн асфальттын калыңдыгы 6 см.

"Оңдолуп жаткан жолго 5.5 млн сом сарпталды. Жалдануучу катары муниципалдык ишкана иштеди. Эми көчө, айланып өтүүчү жолдун түндүк тарабына чейин жаңыртылган", - деди Чынгыз Алканов.

Капиталдык оңдоодон тышкары, жолдун ортосуна жол белги да тартылган. Учурда, ушул эле жерде дагы бир көчөнүн оңдоо иштери башталды. Бирок аны борбордук мэрия жасап жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223949

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.